• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пара дзюдо боюнча курама команда Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • Фердауза Убакирова (48 кг);
  • Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов (60 кг);
  • Маматибрагим Суранов (73 кг).
  • Байбол Саламат уулу коштоочу — машыктыруучу;
  • Айзада Жээналиева коштоочу — машыктыруучу.

Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий