• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 28.03.24./Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-мартта абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле

  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 74-107-чакырымында,
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-11-чакырымында (Чапчыма ашуусу),
  • Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында,
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
  • Бишкек –Ош унаа жолунун 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий