• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун Сокулук районуна акылдуу эсептегичтер орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районуна акылдуу эсептегичтер орнотулду, деп кабарлайт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомстводон билдиришкендй, Чүй электр тармактар ишканасы кардарларга сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү жана сапатын жогорулатуу максатында бир катар иштерди алып барууда.

Алсак, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы менен биргеликтеги долбоордун алкагында Чүй электр тармактар ишканасына 1 700 даана акылдуу эсептегич бөлүнгөн.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери Чүй облусунун Сокулук районунда жүрдү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Сокулук районундагы 66 миң турмуш-тиричилик абонентинин 15 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулду.

Акылдуу эсептегичтин башка эсептегичтен артыкчылыгы реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү ишкананын серверине автоматтык түрдө берет жана электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт. Андан тышкары абонентти аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Бул иштердин жүрүшү техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатат .

Пикир

Оставить комментарий