• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулунду айыл аймагында абал туруктуу – Баткен облустук милициясы

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында милиция кызматкерлери күнү-түнү иш алып барууда, аймакта абал туруктуу. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кулунду айыл аймагынын Кулунду, Интернационал, Максат, Бешкент, Кайрагач айылдарында жергиликтүү милиция кызматкерлери Бишкек, Чүй, Ош облустарынан келген кызматкерлер менен кайгуул күзөттөрүн жүргүзүп жатат.

Кайгуул күзөттө ошол айылдагы ыктыярдуу элдик кошуундар милиция кызматкерлерине жакындан жардам берип, жергиликтүү тургундарга абалдын туруктуулугун, дүрбөлөңгө түшпөөнү, укук бузууларга жол бербөөнү суранып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жогоруда аты аталган аймактарда милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте патрулдарга бөлүнүп, 2 сменде айылдарды аралап, коомдук тартипти сактоодо.

“Бүгүнкү күндө Кулунду айыл аймагында абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте жеринде иш алып барууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий