• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй жана Ош облустары Кыргызстандын калкы эң жыш жайгашкан аймактары болуп саналат

Коом 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк калк күнү Кыргызстанда жыл сайын 11-июлда белгиленет. Кыргызстандын аймагынын дээрлик 90 пайызы деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашса дагы калкы аз өлкөлөрдүн катарына кирбейт.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстандын калкынын орточо жыштыгы - бир чарчы чакырымга 31 киши. Алсак, Казакстандын калкынын жыштыгы бир чарчы чакырымга - 6 адам.

Кыргызстандын калкы эң жыш жайгашкан облустары - Чүй жана Ош. Бул аймактарда бир чарчы чакырымга 45-46 адам туура келет. Ал эми калктын жыштыгы аз болгон аймак - Нарын облусу болуп саналат. Бул жерде бир чарчы чакырымга 6 адам туура келет.

КРнын калкынын саны 2018-жылдын башына карата 6 миллион 257 миң адамды түзгөн. Анын 66,1 (4 миллион 136 миң) пайызы айыл калкы, 33,9 пайызы (2 миллион 121 миң) шаардыктар.

Шаарларда аялдардын үлүшү эркектердикине караганда жогору жана 52,5 пайызды түзөт. Ал эми айылдарда эркектер 50,6 пайызды түзүшөт. 1999 жана 2009-жылдары 1000 эркекке 1026-1027 аял туура келген. 2018-жылдын башына карата 1000 эркекке 1017 аял туура келген.

Пикир

Оставить комментарий