• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ч.Султанбекова Доха шаарында «Өнүгүү, туруктуулук жана качкындар көйгөйлөрү» эл аралык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова кыргыз делегациясынын курамында 2017-жылдын 14-16-майында, Катар Республикасынын Доха шаарында «Өнүгүү, туруктуулук жана качкындар көйгөйлөрү» атуу эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Катар мамлекеттик эмири Тамима бин Хамада Аль-Тани эгидасы астында өткөрүлгөн иш чаранын жүршүндө качкындардын заманбап көйгөйлөрү, коопсуздук, экономика, туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле аймактык актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Катар мамлекетине болгон сапарынын алкагында вице-премьер министр Чолпон Султанбекова эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда Кыргыз Республикасында орун алган жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда жана өлкө калкынын аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүүнүн өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары Катар кызыл жарым ай коомунун төрагасы Мохаммед бин Ган Аль-Али Аль-Маадхид, Ислам конференциясы гумантардык уюму фондунун башкаруучу кеңешинин төрагасы шейх Абдулазиз бин Абдулрахман Аль-Тани жана катарлык ири беш кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуулардын жыйынтыгында социалдык обьектилерди анын ичинде ооруукана, мектеп, балдар бакчаларын куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндөгү макулдашууларга жетишилди. Аталган долбоорлор өлкөлөрдүн өкмөттүк мекемелеринин жана жер-жерлердеги жергиликтүү бийликтин өз ара тыгыз кызматташтуусу менен ишке ашырылары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий