• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек ара кызматы: "Ак-Тилек " өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөрдү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-январы саат 19.30 карата "Ак-Тилек-унаа жол" (КР) - "Карасу-унаа жол" (РК) өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп баштады.

Ага ылайык:

-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат берилди;

-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен "Ак-Тилек-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз транспорт каражаттары кирип чыга алышат.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында убактылуу төмөндөгүдөй чектөөлөр бар:

•"Чалдыбар-унаа жол" (КР) - "Сыпатай Баатыр-унаа жол" (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чалдыбар-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чалдыбар-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

-оор жүк ташуучу транспорт каражаттары "Чалдыбар-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кирип чыга алышат.

•"Ак-Жол-унаа жол" (КР) - "Кордай-унаа жол" (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак-Жол-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Жол-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.

•Талас облусундагы "Чоң-Капка унаа жол" (КР) - "Айша-Биби-унаа жол" (РК) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

-Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

-Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана;

-Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чоң-Капка-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

-Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка-унаа жол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат.

2022-жылдын 8-январы саат 19.30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматы бардык өткөрүү жайларында COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алууну эскертип кетет.

Пикир

Оставить комментарий