• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө боюнча 245 мектеп авариялык абалда деп табылган - Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Комиссия тарабынан өлкө боюнча 245 мектеп авариялык абалда деп табылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 96 мектептин курулушу жана долбоорлоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен Курулуш агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө, 16 мектеп Сауд Өнүктүрүү Фондунун насыясынын эсебинен каржылануучу объекттердин тизмесине киргизилген, 6 мектептин курулушу башка каржылоо булактарынан жүргүзүлүүдө ( Ысык-Көл өнүктүрүү фонду, Дүйнөлүк банктын ERIC программасы, Ассафа араб кайрымдуулук фонду жана башка булактардан), 10 мектеп Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары тарабынан жүргүзүлүүдө.

“Ал эми авариялык абалдагы 117 мектептин каржылоо булактарын аныктоо үчүн бардык тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат”, - деди Кокочаров.

Белгилей кетсек, 2019-жылы КР өкмөтү тарабынан жалпы билим берүү уюмдарынын авариялык абалдагы имараттарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий