• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ызгаардуу суук. Бишкектеги жылынуу түйүндөрүнө 6 миңден ашуун жаран кайрылды

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору шаар аймагында орнотулган жылынуу түйүндөрүнө кайрылууну улантууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, убактылуу пункттарда жарандарга ысык чай берилип, жылынууга шарттар түзүлгөн.

"Ачылган күндөн тартып Свердлов районунун аймагында жайгашкан пункттарга 2783 адам, Октябрь районундагы жылуулук түйүндөрүнө 1104 адам, Ленин районундагы жылуулук пункттарына 1706 адам, Биринчи май районундагы жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, күндүн сууктагандыгына байланыштуу Бишкекте 12 чатыр тигилип, анда ӨКМдин кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турат.

Пикир

Оставить комментарий