• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. Милициянын аракетине баа берилет

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Оштогу криминалдык жаңжалда каза болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн көзөмөлгө алган жана анын өлтүрүлүшүнө жол берген милиция кызматкерлеринин аракеттерине баа берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитов билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев түшүндүргөндөй, милиция кызматкерлери каза болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн изине түшүшкөн, анткени ички иштер органдарына ал аз көлөмдө баңгизат сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

"Биз көбүрөөк көлөмдө баңгизат сатуусун күтүп, ошондо кармоону көздөп жүргөнбүз", - деди ал.

Бирок журналисттердин “ал милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүрсө эмне үчүн өлтүрүлүшүнө бөгөт коюлган жок” деген суроосуна Бакыт Сейитов күч түзүмдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Учурда бул адам өлүмү менен коштолгон криминалдык жаңжал боюнча 4 адам кармалып, камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий