• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чек арада Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолукту. Жетишилген макулдашуулар

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 17-сентябрында саат 03.00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай чыңалуу бойдон калууда, - деп билдирет КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы.

Саат 00:10дон 00:40ка чейин "Гулистон-автожол" КӨЖда (ТР) Кыргыз Республикасынын УКМКнин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору генерал-майор У. Шаршеевдин жана Тажикстан Республикасынын УКМКнин Чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Р. Рахмоналинин жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууга Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун, укук коргоо органдарынын аймактык башчылары да катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй макулдашууларга жетишишкен:

- түн ичинде жана 2022-жылдын 17-сентябрында саат 09.00го чейин Чек ара ведомстволорунун облустук башкармалык башчылары жеке өздөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чагымчылдык аракеттер жана ок атуулар болбошу үчүн иштерди уюштуруулары керек;

- бул иш-аракеттерди координациялоо максатында Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун жана укук органдарынын аймактык башчылары кирген биргелешкен ыкчам штаб өз ишин "Гулистон-автожол" КӨЖда улантат.

Пикир

Оставить комментарий