• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Чек арадагы кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22 /Кабар/. Баткендеги саламаттык сактоо уюмдарына 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Ведомствонун маалыматына караганда, 17-сентябрь саат 01:30га карата (ыкчам маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 87 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 28 жабырлануучу;

2. ЖДПБ Лейлек - 21 жабырлануучу;

3. ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу,

4. ЖДПБ Сүлүктү – 3 жабырлануучу,

5. Улуттук госпиталда - 20 жабырлануучу,

6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу

Ошондой эле ыкчам маалыматка ылайык, Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына мерт кеткен 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн. Баткен облустук бириктирилген ооруканасына - 12, Лейлек ЖДПБсына - 10, Кулунду ЖДПБсына - 2.

"Каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий