• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун атына чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын башчыларынан келе жаткан Жаңы 2024-жыл менен куттуктоолор келип түшүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Россиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Чын жүрөктөн чыккан жаңы жылдык куттуктоолорду кабыл алыңыз. Учурда Россиялык-Кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер жогорку деңгээлде - муну октябрь айындагы Бишкектеги биздин сүйлөшүүлөрүбүз толугу менен тастыктады.

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты, ошондой эле ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана КМШ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп ишенем.

Сизге чын дилимден бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бардык мекендештериңизге - тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Келе жаткан жаңы - 2024-жылыңыз менен Сизди жана боордош Кыргыз Республикасынын элин чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди билдиргениме кубанычтамын.

Өтүп бараткан жылы биргелешкен интенсивдүү аракеттердин жана активдүү диалогдун аркасында биз мамлекеттер аралык ынак коңшулук мамилелерди, өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чындыгында жаңы деңгээлге чыгара алдык.

Келе жаткан 2024-жылы биздин көп кырдуу жана узак мөөнөттүү мамилелерибиз боордош элдердин жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө карай ырааттуу жана натыйжалуу өнүгө берет деп ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге жана Сиздин жакындарыңызга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, абдан жоопкерчиликтүү жана ардактуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ынтымак жана туруктуу өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Келе жаткан жаңы 2024-жыл менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз!

Сизге бакубатчылык жана боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

"Сизди келе жаткан Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине - тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Тарыхта калган 2023-жылы биз Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгиледик. Жакында Бишкекте КМШ саммитинин алкагында өткөн конструктивдүү жолугушуубузду канааттануу менен белгилейм. Тажик-кыргыз достук жана ынак коңшулук мамилелеринин бардык аспекттерин өз ара түшүнүшүү, өз ара урматтоо жана ишеним духунда мындан ары гармониялуу өнүктүрүүгө болгон бекем умтулуубузду ырастайм. Эки өлкөнүн өз ара мамилелерин мындан ары кеңейтүү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, регионалдык тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөт деп ишенем.

Биргелешкен аракеттер менен биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди бекемдөөгө жана аларды жаңы практикалык мазмун менен толтурууга ар тараптан көмөктөшөбүз деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Келе жаткан 2024-жыл менен чын жүрөктөн чыккан жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык иштериңизде чоң ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл баарыбызга тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Беларусь президенти Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Менин чын жүрөктөн чыккан жаңы жылдык куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Өтүп бара жаткан жыл эл аралык күн тартибиндеги маанилүү окуяларга бай болду жана ар кандай кыйынчылыктарды чогуу гана жеңүүгө болорун далилдеди.

Келе жаткан жыл Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн терең салттарын бекемдеп, мамлекеттерибиздин ар кандай форматтагы кызматташтыгынын жаңы салмактуу жыйынтыктарын берерине ишенем.

Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакыт-таалай жана бардык ой-тилектериңиздин ишке ашышын, ал эми өлкөңүздүн элине - тынчтык, бакубатчылык жана туруктуулукту каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Азербайжан президенти Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Сизди келе жаткан жаңы 2024-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм жана эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем. Өткөн жылды жана бекем пайдубалга, орток тарыхый тамырларга негизделген Азербайжан-Кыргыз мамилелерин канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелер, эки тараптуу жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагындагы натыйжалуу кызматташтык боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн биргелешкен аракеттердин аркасында 2024-жылы дагы кеңейип жана бекемделе берерине ишенем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге жана Сиздин үй-бүлөңүзгө чың ден соолук, бакыт-таалай, мамлекеттик жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

БАЭ президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахайян президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Сизге келе жаткан жаңы – 2024-жылыңыздар менен эң жакшы каалоо-тилектеримди жана куттуктоолорумду билдирем, Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош кыргыз элине мындан ары өнүгүү жана гүлдөп-өсүштү каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас Сиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Алдыдагы жакшы жылга болгон жалпы умтулуубуздун духунда биз чыр-чатаксыз жана талаш-тартышсыз, адилеттик жана теңдик өкүм сүргөн дүйнөдө жашайбыз деп үмүттөнөбүз. Биздин жамааттык милдетибиз - глобалдык тынчтыкты, коопсуздукту жана климаттын өзгөрүшүн кошо алганда, бардык элдер бакубат жана гүлдөп-өсө турган тынчтыкка жетүү жолунда эң чоң көйгөйлөрүбүздүн реалдуу чечимдерин табуу.

Эки өлкөбүздү байланыштырып турган эки тараптуу мамилелер келерки жылы дагы өнүгүп, жаңы бийиктиктерге жетээрине оптимисттик көз караштамын", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Польша президенти Анджей Дуда президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

"Келе жаткан Жаңы жылга карата Польша элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге эң жакшы каалоолорумду билдирем. Жаңы жыл жакшы күндөргө болгон ишенимди, ошону менен бирге биздин мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө жана эл аралык коомчулуктун бекемделишине алып келсин", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

==

Ошондой эле куттуктоолорун Венгриянын Президенти Каталин Новак, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Норвегиянын Королу Харальд V, Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Россиянын Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев ж. б. да жолдошту.

Пикир

Оставить комментарий