• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чет жерден келген жарандар обсервацияга алынып, ПЧР анализдери таза чыкса үй карантинине чыгарылат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чет жерден келген жарандарды обсервацияга алуу жана үй карантинине чыгаруу шарттары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, сырттан келген биздин жана чет элдин жарандары обсерваторго жаткырылат. Лабораториялык жол менен текшерүү аяктаганга чейин алар обсерватордо болушат. Алардын арасында медициналык кароо, сурамжылоо жүргүзүлөт.

"ПЧР анализдери таза чыккандан кийин алар үй карантинине чыгарылат. Эгерде үй карантинине ылайыктуу шарттары болсо, алар үйүнө чыгарылат. Эгер үй шарттары ага жооп бербесе, ал жарандарды инкубациялык мезгил, башкача айтканда 14 күн өткөнгө чейин обсерваторлордо калтырабыз. Үй карантининин убактысы аяктаганда ПЧР анализ кайра алынып, экинчи анализдери таза чыккандан кийин гана жарандар кадимки жашоосуна кайтат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус жуктурган 78 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1216ны түзөт. Алардын ичинен 827 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий