• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Чаткал районунда жолго таш кулады. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Күн мурун, 17-майда болжол менен саат 16:30да Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 21-чакырымында 1800 метр куб таш кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине эки атайын унаа тартылып, кечки саат 21:00дө жол кулаган таштан тазаланып, толук ачылган.

Пикир

Оставить комментарий