• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто дүйнөлүк жол унаа кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Ош шаарында дүйнөлүк жол унаа кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ишки иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бириккен улуттар уюмунун башкы Ассамблеясынын 2005-жылдын 26-октябрындагы резолюциясына ылайык, жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү ишемби күнү “Дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү” болуп белгиленип келет.

Бул күнгө карата 2021-жылдын 19-ноябрь күнү Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмү тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарындагы маршруттук каттамдарынын айдоочулары, автомектепте билим алып жаткан курсанттар жана Ош техникалык университетинин студенттери менен жолугушуп, жол кыймылынын эрежелери, өлкө аймагында болуп жаткан жол унаа кырсыктары анын кесепеттери жана алардын келип чыккан негизги себептери туурасында кыскача маалымат берилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, ошондой эле жол унаа кырсыктарынын алдын алууга багытталган буклеттер таркатылды.

Аталган иш-чаранын негизги максаты, жол унаа кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү менен биргеликте, мындан ары оор кесепеттер жана өлүм менен коштолгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.

Белгиленгендей, 2021-жылдын 10 ай ичинде Ош шаарынын аймагында 469 автоунаа жол кырсыгы катталып, 632 жаран денелеринен ар кандай жарааттарды алышса, 17 адам жол унаа кырсыгынан каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий