• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик катчы жана Татарстандын президенти Бишкектеги маданий жана билим берүү жайларынан кабар алышты

Коом 0

Бишкек, 19.11.21./Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов Бишкек шаарындагы маданий жана билим берүү жайларынан кабар алышты.

Татарстан Президенти Кыргызстанга жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасындагы Казань (Приволжский) федералдык университетинин Билим берүүнү өнүктүрүү борборунда болду.

2021-жылы түзүлгөн борбордун иши Казань федералдык университети менен Кыргыз Республикасынын илимий жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Борбордо аудиториялык жана лабораториялык фонд орун алат.
Билим берүүнү өнүктүрүү борбору фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөргө, эксперименталдык иштеп чыгууларга колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүүгө багытталып, илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана технологиялык иштерди жүргүзүп, инновациялык жана илимий-техникалык, эксперттик, консультациялык-талдоо иштерин жана кызматтарды көрсөтүүнү максат кылат жана кадрларды даярдайт.

Рустам Минниханов жана Сүйүнбек Касмамбетов ошондой эле бүгүн реконструкциядан соң ачылган Мамлекеттик тарых музейинде болушуп, анда тематикалык жактан жаңыланган экспозиция жана экспонаттар менен таанышышты.

Мындан сырткары, маданий программанын алкагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Анда меймандар жазуучунун кол жазмалары жана иш бөлмөсү менен таанышып, анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий