• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чикагодо хеллоуин майрамында таттууларды чогултуп жүргөн 7 жаштагы кыз ок жеди

Дүйнө 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Американын Чикаго шаарындагы хеллоуин майрамында 7 жаштагы кыз таттууларды чогултуп жаткан кезде ок жеди. Дарыгерлер анын өмүрү менен күрөшүп жатканын CBS Chicago телеканалы билдирет.

CBS Chicago телеканалынын маалыматында, шаардын көчөлөрүндө таттууларды чогултуп жүргөн балдар көп жүргөндө ок атылган.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө, ата-энеси менен майрамдап жүргөн кызга ок кокустан тийген. Үч адамдан турган топ 31 жаштагы эркек кишинин артынан кууп, ок чыгарышкан.

"Үч адамдан турган топ бир адамдын артынан түшүп, ок чыгарган. Ортодо атышуу орун алганда ок таттууларды чогултуп жүргөн 7 жаштагы кыздын моюнуна тийген. Кыз учурда оор абалда. Ок чыгаргандар окуя болгон жерден качып кетишти. Ал эми 31 жаштагы адамдын колуна ок тийген, анын абалы туруктуу", - деп жергиликтүү полиция кызматынын өкүлү Рокко Алиото билдирди.

Белгилей кетсек, 1-ноябрга караган түнү бир катар өлкөлөрдө хэллоуин майрамы өткөрүлөт. Ал күндү кичинекейлерден тарта чоңдорго чейин коркутуучу кийимдерди кийип, бет-башты боюп майрамдашат.

Пикир

Оставить комментарий