• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чиновниктер мектептерди ачууга каршы эмес, бирок өздөрүнүн дарегине айып тагылышын каалашпайт

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Азыркы учурда 14 жашка чейинки балдардын арасында респиратордук вирустук оорулардын күчөгөнү байкалууда. Бул тууралуу окуу процессин кадимки тартипке келтирүү маселеси боюнча жыйында Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө №3 шаардык балдар клиникасы толуп калган.

“Биз мектептерди ачууга каршы эмеспиз. Бирок эгер бала ооруп калып, оор акыбалга кептелсе, орун жоктугунан аны эч жакка алып бара албай калабыз”, - деди ал.

Б.Исмаилова шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы окуу процессин акырындык менен калыбына келтирүүгө каршы эмес, бирок кийин Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринин, шаардык муниципалитет тарапты айыптоого жол бербөө үчүн бардык окуучулар үчүн мектептерде салттуу окуу тартибин ачууну сунуштабайт деп белгиледи.

Өз кезегинде, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова жыл башынан бери COVID-19 жугузуп алган 1 миң 771 учур катталса, анын ичинен 43ү мектеп курагындагы балдар болгон деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий