• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы бала 3 күндөн бери дайынсыз

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан Чоң Чүй каналына 2012-жылкы П.М., аттуу жаран чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Сокулук райондук №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана туугандары тарабынан 7 адам тартылган.

“Азырынча издөө иштеринде эч кандай натыйжа жок. Бүгүн кайрадан издөө уланат”, - деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий