• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада таксист жана эс алуучу карыздан улам мушташа кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Чолпон-Атада таксист жана эс алуучу карыздан улам мушташа кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 28-июлда социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаарында эки адамдын мушташы тартылган видео тараган. Бирок, бул окуя боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Бирок ага карабастан, видеодо тартылган окуя Ысык-Көл РИИБнин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган окуя 26-июлда болжол менен саат 03.00 чамаларында Бактуу-Дөлөнөтү айылынын аймагында орун алгандыгы жана 29 жаштагы жергиликтүү тургун А.У. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 21 жаштагы А.М. аттуу тургунуна кол көтөргөнү аныкталган.

“Ошол күнү А.М. Бостери айылына эс алууга келип, кафеде отурган. Ал кафеден чыгып, эс алуу жайына жетүү үчүн таксисттердин жанына барган. Ошол жерден жеке айдоочулук менен алектенген А.У. аттуу таанышы менен кезигип калган. Таанышы А.М.дан эки ай мурун алган 12 миң сом карызды качан берерин сураган.

Ал эми А.М. финансалык кыйынчылыктан улам азырынча бере албастыгын айткан. А.У. андан кымбат кафеде эс алып, бирок эмнеге карызын бербей жүргөндүгүн сураганда, А.М. оозго алгыс сөздөр менен жооп берген. Мындай жоопко кыжырланган А.У. кызуу кандуулук менен А.М. бир нече жолу муштап жибергенде, ал жерде турган башка таксисттер аларды ажыратышкан”, - деп билдиришти облустук милициядан.

Андан кийинки териштирүүдө А.М. таанышы А.У.га эч кандай доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Учурда бул факты боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий