• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктүдө 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Сүлүктүдө 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, шаардын 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда үстүбүздөгү жылдын 13нөн 14-январына караган түнү кызын Т. аттуу жаран зордуктагандыгын билдирген.

Бул факты Сүлүктү шаардык милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы К.Т. аттуу жаран кармалып, убактылу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий