• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы эки айда 140,7 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Рейддик иш-чаралардын жана жол кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүүнүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын эки айында эле республика боюнча 140 миң 708 ар кандай жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алардын ичинен:

- белгиленген ылдамдыгын жогору айдоо - 18 миң 305;

- тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу - 472;

- айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын айдоо - 1638;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 57 миң 215;

- автотранспорт каражатын жасалма номер менен айдоо - 18;

- автобейбаштык - 24;

- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузуу - 3 миң 732;

- транспорт каражатын кайра жабдуу - 1096;

- жол белгилеринин талаптарына баш ийбөө - 54 миң 109;

- айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу - 433;

- транспорт каражатын мас абалында башкаруу - 2285;

- 8 миң 950 унаа айып жайга жеткирилди.

Өткөн жылга караганда жол кырсыктарынын саны 17,3%, каза болгондордун саны 15,5% жана жабыркагандардын саны 14,1%га кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий