• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде сулуулук салонунан уюлдук телефон уурдап кеткендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Баткенде сулуулук салонунан уюлдук телефон уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, апрель айынын аягында Бужум айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, Баткен шаарынын Нургазыев көчөсүндө жайгашкан сулуулук салонунан Xiaomi Redmi 9 үлгүсүндөгү уюлдук телефону жана жарандык паспорту уурдалгандыгын айткан.

Аталган факты Баткен шаардык милициясынын Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Баткен ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде аталган кылмышка шектүү делип Баткен районунун Бужум айылынын 17 жана 18 жаштагы эки тургуну кармалган.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий