• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто экзамендерин бүтүрүп берем деп студенттерди алдап кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Ошто студенттердин экзамендерин бүтүрүп берүүнү убадалап, 60 миң сомдон ашык акчаларын алып, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жарандын үстүнөн медициналык колледждин 23 студентинен арыз түшкөн.

Алар арызында ушул окуу жайдын "А" аттуу студентине 1 700 сомдон 3 800 сомго чейин акча каражаттарын "сессияда экзамен-модульдарыӊарды бүтүрүп беремин" дегени үчүн беришип, бирок ал айтканын аткарбай, алдап кеткендигин билдиришкен. Жалпы келтирилген чыгым 60 миӊден ашкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын аталган окуу жайдын студенти, 2001-жылы туулган А.Н. экендиги аныкталган.

Учурда жарандын үстүнөн алдамчылык беренеси боюнча тергөө иштери башталды. Ал өзү жашаган жеринен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үйүнө кое берилген.

Пикир

Оставить комментарий