• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке башталды — сүрөт

Аймак 0

Чолпон-Ата, 13.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл (Issyk-Kul ITF 2022) эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө.

Жарманке 13-14-май аралыгында Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунда уюштурулган.

Issyk-Kul ITF 2022 жарманкесинин катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат, ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, кечки маданий программаны көрө алышат.

Эскерте кетсек, IITF 2022 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2022 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты — өлкөнүн туризм чөйрөсүн өз калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, эртең, 14-майда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону старт алат.

Пикир

Оставить комментарий