• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоткараева "Сүрөткө мыкты түшкөн келин" наамын алды

Маданият 0

Бишкек, 04.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Түштүк Африка өлкөсүндөгү “Аалам сулуусу” сынагына Кыргызстандын атынан катышып жаткан модель Аида Чоткараева 20 сулуунун катарына кошулду. Бул тууралуу ал өзүнүн Istagram баракчасына жарыялаган.

Атайын сыйлыктарды тапшыруу аземинде Чоткараева “Сүрөткө мыкты түшкөн келин” титулун алган.

“Колдооңуздар үчүн рахмат. Мен чындап аракет кылып, дүйнөнүн 60 сулуусун артта калтырдым. Азыркыга чейин ишене албай турам. Мен үчүн эл аралык сынакта мындай сыйлык алуу зор сыймык”, - деди Чоткараева.

Сынакта Вьетнамлын өкүлү жеңип, Габон жана Пакистандын сулуулары 2 жана 3-орунду алышты.

Аида Чоткараева актриса жана модель болуп эмгектенет. Ал “Сулуу жана миллион”, “Браво” жана «У любви свои небеса» тасмаларына тартылган.

Пикир

Оставить комментарий