• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чуңкурчакта Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жана Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чараны салтанаттуу түрдө президент Садыр Жапаров ачты. Майрамга ошондой эле Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда каттоодон өткөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Келген конокторго этношаар курулуп, анда Кыргызстандын аймактарынын кооз жерлери көрсөтүлүп, ар кандай ат оюндары, ошондой эле улуттук мелдештер өтүп жатат.

Чуңкурчакка жалпы 10 миңдей адам келди.

Белгилей кетсек, мындай масштабдагы иш-чара өлкөдө биринчи жолу уюштурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий