• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстандын 7 облусунда 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын 7 облусунда 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Дареги:

- Баткен облусунда – 1 пост (Караван айылы);

- Ош облусунда – 4 пост (Кара-Суу районунун Жапалак жана Мады айылдары, Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылы);

- Жалал-Абад облусунда – 1 пост (Чычкан посту);

- Талас облусунда – 1 пост (Талас районунун Көпүрө-Базар айылы);

- Нарын облусунда – 1 пост (Кочкор районунун Сары-Чат айылы);

- Ысык-Көл облусунда – 1 пост (Кубакы посту);

- Чүй облусунда – 5 пост («Сосновка», «Маловодное», «Киргшелк», «Ак-Жол», Алматы-айланма жол посттору).

Санитардык-карантиндик посттор 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.

Аталган посттордо жергиликтүү бийлик органдар өкүлдөрү, ӨКМ, ИИМ органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери турушат.

Учурда республика боюнча COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетти (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий