• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Москвада 1-июндан тартып тургундарга график боюнча сейилдөөгө уруксат берилет

Дүйнө 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Москвада 1-июндан тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылып, азык-түлүк сатпаган дүкөндөр менен тиричилик кызматтарын көрсөткөн ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилет. Бул тууралуу калаа башчысы Сергей Собянин президент Владимир Путин менен болгон видеоконференция маалында билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары тесттик режимде шаар тургундарына график боюнча сейилдөөгө уруксат берилет.

«Элдин баары бир убакта сейилдөөгө чыкпашы үчүн ар бир көп кабаттуу үйдүн тургундары үчүн график түзүлөт. Алардын графиги mos.ru сайтына жарыяланып турат. Шаардыктарга жумасына үч жолу сейилдөөгө уруксат берилет — эки жолу иш күндөрү, бир жолу дем алыш күндөрү. Таңкы саат бештен тогузга чейин чектөөсүз сейилдөөгө болот», — деди мэр.

Собяниндин айтымында, акыркы эки аптанын ичинде Москвада коронавирусту жаңы жуктургандар жана ооруканага жаткырылгандар 40% азайды.

Москвада обочолонуу режимин бузуу үчүн айып пул каралган. Ошол эле маалда шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген эмес, бардык чектөө чаралары мэрдин «Жогорулатылган даярдык режими тууралуу» жарлыгы менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий