• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Ооруканаларда 704 бейтап, үй шартында 4 миң 856 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 704 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бишкек шаарында 163 киши, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 48, Ош облусунда – 101, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 108, Жалал-Абад облусунда – 121, Талас облусунда – 35, Баткен облусунун ооруканаларында 84 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Ошондой эле үй шартында 4 миң 856 адам дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 60 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 958ди түзөт. Алардын ичинен 38 миң 649 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий