• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жазаларды аткаруу кызматы: 4 кызматкер коронавирус жуктурган деген маалымат туура эмес

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алган деген маалыматы туура эмес. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында Жазаларды аткаруу кызматынын 4 кызматкери жатат. Алардын бирөөнө пневмония диагнозу коюлган. Калгандары коронавируска күмөн болуп дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ден соолугунун начарлашы боюнча алар тараптан арыздануу болгон эмес. Бирок алардан коронавирус аныкталды деп айтууга эрте. Себеби, алар жакында кайра ПЧР анализ тапшырышы керек", - деп билдирет Жазаларды аткаруу кызматы.

Жазаларды аткаруу кызматынан белгилешкендей, алардын кызматкерлери медицина кызматы тарабынан текшерилип, экспресс-тест тапшырып турушат. Кызматкерлерде коронавирустун белгилери пайда болгон учурда, алар текшерилүү жана дарылануу үчүн Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жөнөтүлөт.

Жазаларды аткаруу кызматы, алардын кызматкерлери жана камакта отурган жарандар арасында коронавирус жуктургандар жок экенин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий