• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Коронавирустан коргонуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-мартка карата Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлар (бир күндүк эмгек акы) тарабынан шаардык мэриянын атайын эсебине 3 млн 475 миң 934 сом которулган.

"Каражаттарды атайын түзүлгөн комиссия көзөмөл кылат. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, бизнес өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөсү жана тиешелүү кызматтар бар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий