• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Ысык-Көл облусунда 514 миңден ашык адам медициналык текшерүүдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 514 миң 541 адам медициналык текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейин үймө үй кыдыруунун жыйынтыгында коронавирус менен пневмонияга чалдыккан 2 миң 621 адам аныкталган. Бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Облустук ыкчам штабынын маалыматына ылайык, дарыгерлер жалпы 112 миң 500 короону кыдырып, 514 миң 541 адам текшерүүдөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий