• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Интернетте "300 кишиден кем эмес добуш салып бергиле" делген видео боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. "Фейсбук" социалдык тармагында "300 кишиден кем эмес добуш салып бергиле" делген видео боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 30-август күнү "Фейсбук" социалдык тармагында добуш сатып алуу боюнча видео сүйлөшүү тараган. Аталган окуя боюнча Нарын райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери териштирүүнү баштаган.

Анын жыйынтыгында тараган видеодогу кызыл футболкачан адамдын өздүгү такталган. Ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран экендиги белгилүү болгон. Аталган видеодо М.А. аттуу жаран эки адамга шайлоого добуш берүү жолдорун түшүндүрүп берип, "300 кишиден кем эмес добуш салып бергиле" деп суранып жаткандыгы чагылдырылган.

Мындан сырткары, жогоруда көрсөтүлгөн видеодогу чогулган күбөлөрдүн өздүгү такталган. Сурамжылоо иштери жүргүзүлүп, түшүнүктөрү алынган.

Аталган факты боюнча 30-августта Жазык кодексинин 192-беренесинин (добуштарды сатып алуу) 2-бөлүгү менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий