• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 33 млн 353 миң 614 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Илдетти АКШда 7,1 млн, Индияда 6,1 млн, Бразилияда 4,7 млн, Россияда 1,1 млн адам жуктурган. Ал эми Казакстанда 107 миң 833, Өзбекстанда 55 миң 766 адам ооруга кабылган.

Коронавирустан жалпы 1 млн 1 миң 644 адам каза болду. АКШда 205 миң, Бразилияда 142 миң, Индияда 96 миң адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий