• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөдө селфи учурунда ажал тапкандар көбөйдү

Дүйнө 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Франциялык Le Figaro гезити өзгөчө фондо өзүн-өзү сүрөткө тартуу учурунда мерт болгон кишилердин саны өсүп жатканын жазды. Буга байланыштуу айрым өлкөдө бийлик белгилүү эрежелерди киргизүү аракетинде.

Маселен, Индияда “селфи үчүн атайын зоналар” белгиленди. Орусия полициясы болсо “Коопсуз селфи эрежелерин” киргизип, адам өмүрү өзүн-өзү сүрөткө тартуудан жогору турарын эскертүүдө. 2019-жылы АКШда селфи учурунда 41 киши өлгөн. Алардын көбү Чоң каньондо өзүн-өзү сүрөткө тартуу учурунда мерт болгон.

Бразилия, Германия, Вьетнам жашоочуларынын айрымдары автоунаа же мотоцикл менен бартып селфи кылган учурда ажал тапкан. Бийик имаратта жана тоолордо да адам өмүрүн алган учурлар арбын. Польшанын Освенцим музейинде селфи жасоого жана аны социалдык түйүндөргө жайгаштырууга тыюу салынган. 2011-жылдан 2017-жылга чейин селфи учурунда 259 адам өмүр менен кош айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий