• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Эртең, 2-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Эске сала кетсек, бүгүн ӨКМ кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Эртең абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36 градуска чейин жетет.

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30, Ысык-Көл облусунда болсо түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37 градуска жетет.

Эртең Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүзү 35…37 градус болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий