• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек – Ош унаа жолу жана Ала-Бел ашуусу унаалардын өтүүсү үчүн ачык

Коом 0


Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Транспорт министрлигинин №23 Жол-эксплуатациялык башкармалыгы кар жааган учурда унаа жолдун 198-315 чакырымдары аралыгында, анын ичинде Ала-Бел ашуусунда трассаны тазалоо жана инерттүү материалдарды себүүгө 6 техниканы ишке киргизген. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул эле күнү Торкент – Толук жана Токтогул – Башташ унаа жолу кардан тазаланып, жалпысынан жолго 40 тонна туз, 60 тонна кум чачылган.

Азыркы учурда жол өтүү үчүн ачык.

КР Транспорт министрлиги айдоочуларды кар чынжырчаларын алып жүрүүгө, каршы тилкеге ​​чыкпоого (тыгын болгон учурда) жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачып жаткан атайын техникаларга жолтоо болбоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий