• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонддун Call-борбору бир айда 1,3 миңден ашуун кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Социалдык фонддун Call-борбору октябрда 1 миң 326 рыз жана кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын октябрында Соцфонддун колл-борборуна 878 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 448 электрондук кайрылуу түшкөн.

"Соцфонддун колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө. Борборго кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий