• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Якутиядагы мигранттар жапырт текшерилет

Коом 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Якутиянын ички иштер министри Владимир Прокопенко кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу маалында республикада жүргөн мигранттар жапырт текшериле турганын билдирди.

Анын айтымында, миграциялык мыйзамдардын негизинде жүргүнчүлөрдү ташыгандар жана мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр текшерилет.

Министрдин билдирүүсү Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалгандан кийин жасалды. 18-мартта анда мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага Якутиянын башчысы Айсен Николев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева катышкан. Анда аткаминерлер республикага келген мигранттарга карата көзөмөл күчөтүлө турганын убадалаган.

Якутск шаарындагы бул митингдерди Орусияда иштеген мигранттардын кесиптик кошуунунун башчысы Ренат Каримов айыптады.

«Адам өлтүргүчтөр орустардын, украиндердин, буряттардын, ошондой эле татар, якут, кыргыз жана башка улуттарда да бар. Эмнеге бир кылмыш мигранттардын бүтүндөй бир бөлүгүн же жалпы эле чет өлкөндөн келип иштегендерди жаманатты кылышы керек?», — деп билдирди ал Znak.com сайтына берген интервьюсунда.

Пикир

Оставить комментарий