• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Матраимовдун мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилет – УКМК

Коом 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлк мамлекетке өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары берилген батирлер УКМКнын кызматкерлерине бөлүштүрүү маселеси каралбайт. Берилген мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында Райымбек Матраимов атайын эсепке 2 млрд сом которгонун айткан. Матраимов 1,4 млрд сом, 1 соода борбору жана 601 млн сомдук 9 батирди берген.

Пикир

Оставить комментарий