• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

270тен ашык кыргызстандык “сүйүнчү” алууга билдирме беришкен

Коом 0

Бишкек, 01.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылдын январынан тарта 270тен ашык адам бала төрөлгөнү үчүн сүйүнчү алууга билдирме ташташкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, өлкө боюнча 59 шаардык жана райондук башкармалыктар иштейт. Учурда алардын ону маалыматтарды али берише элек. Буга байланыштуу каалоочулардын так санын айтууга болбойт.

Эскерте кетсек, сүйүнчү КР жарандарына 15-февралдан тарта бериле баштайт, мыйзам үстүбүздөгү жылдын 1-январында күчүнө кирген.

Кыргызстандыктар бала төрөлгөнү үчүн 4 миң сом ала алышат.

Сүйүнчү алуу үчүн керектүү документтер: ата-энесинин паспорттору (эгерде алар ажырашкан болушса, баланы бакканынын паспорту талап кылынат), баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана жашаган жеринен маалымкат. Эгерде бала асырап алынган болсо, багуу тууралуу соттун чечими керек.

Пикир

Оставить комментарий