• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ӨКМ: Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлдү, жеринде Боронов өзү жүрөт (Сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуу жагдай жаралган,-деп кабарлашты ӨКМнин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-январда суунун деңгээли көтөрүлгөн, жеринде жагдайды Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүрөт.

“ӨКМдин жана Бишкек шаарынын Жарандык коргонуунун күч- каражаттары тартылып, Ала-Арча суусундагы муз катмарларын тазалоо иш чаралары жүргүзүлүп жатат. Атайын техникалар тартылып, КР ӨКМдин ыкчам тобу 4 атайын инженердик оор техника жана 62 куткаруучу иштеп жатат”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий