• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Туруктуу үй жайы жок жарандар шаар мэриясынын камкордугунда

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Кабар/. Ошто шаар жетекчиси Аймамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен өлкөдөгү суукка байланыштуу өзгөчө кырдаалда шаардагы туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн мобилдүү жардам көрсөтүү максатында, “Мусаада” коомдук фонду менен биргеликте аталган фонддун имаратында убактылуу жардам көрсөтүү пункту уюштурулган,-деп кабарлашты мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган пунктка бүгүн, 31-январда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев барып, абалы менен таанышты.

“Өлкөдөгү суукка байланыштуу шаардагы туруктуу жашаган жери жок адамдарга жардам көрсөтүү максатында, "Мусаада" коомдук фонду менен биргеликте фонддун имаратында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу жардам көрсөтүү пункту уюштурулган. Жалпысынан Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери жана Аймактык кенештердин кварталдык комитеттери тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин натыйжасында убактылуу баш калкалоочу жайга 50гө жакын селсаяк жашоо кечирген адамдар алынып келинип, медициналык, психологиялык, социалдык жардам алууда. Ош шаарынын мэриясы тарабынан туруктуу жашаган жери жок адамдардын тамак-ашына жана гигиеналык каражаттарына 20 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле, “Боорукердик” үй-интернатынан кышкы жылуу кийимдер алынып келинип берилди. Медициналык жардамга муктаж болгондор тиешелүү ооруканаларга жеткирилсе, 15 жаран өз үй-бүлөсүнө кайтарылды”,-деди А.Кадырбаев.

Мындан сырткары, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан азык-түлүктөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий