• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Келерки жылы Бишкектин аймагы кеңейиши мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Келерки жылы Бишкектин аймагы кеңейиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин аймагын Чүй облусунун жанаша жайгашкан жерлеринин эсебинен кеңейтүү пландаштырылууда.

“Учурда министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча бардык нюанстарды камтыган жаңы башкы план иштелип жатат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкектин аянты 160 чарчы чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий