• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнө кубогу: Айсулуу Тыныбекованын атаандашы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованын атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө. Тыныбекова 62 кг салмакта квалификациялык этапта румыниялык Криста Инце менен күрөшөт.

Дүйнө кубогунда ошондой эле Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Нураида Анаркулова (57 кг) күчүн сынашат.

Пикир

Оставить комментарий