• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга майыптарды ташуу үчүн 10 автоунаа берди

Коом 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясына мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуу үчүн 10 атайын автоунаа тапшырды.

Унаалардын мүмкүнчүлүктөрү менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев таанышып чыкты.

Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдиргендей, автоунаалар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын майыптыгын каттоо учурунда колдонулат.

“2019-жылдын башында майыптарды ташуу графиги түзүлөт. Унаалар өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган майыптарга барууга колдонулат. Анткени алар тиешелүү текшерүүлөрдү өтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет”, - деди Алыбаева.

Пикир

Оставить комментарий