• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөнүн жашаганга эң ыңгайлуу шаарларынын рейтинги жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. The Economist британиялык журналы дүйнөдөгү жашоого эң ыңгайлуу шаарлардын рейтингин жарыялады.

Биринчи орунду Австриянын борбору Вена, экинчи орунду Австралиядагы Мельбурн, үчүнчү орунду Япониядагы Осака шаары алган.

Рейтингдин биринчи ондугуна Калгари (Канада), Сидней (Австралия), Ванкувер (Канада), Токио (Япония), Торонто (Канада), Копенгаген (Дания), Аделаида (Австралия) кирген.

Москва жана Санкт-Петербург 68, 70-орундарды ээлеген. Ал эми дүйнөнүн жашоого эң ылайыксыз шаары деп Сириянын Дамаск шаары аталган.

Рейтинг саламаттыкты сактоо, маданий өнүгүү, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, билим берүү жана инфраструктуранын өнүгүү деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий