• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дача-СУдагы авиакырсык боюнча кылмыш иши жаңыртылды

Коом 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. "Манас" аэропортунун жанында 2017-жылы Дача-СУ айылында болгон авиакырсык боюнча кылмыш иши жаңыртылды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Прокурордун айтымында, азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча тергөө иштери аяктагандан кийин толук маалымат берилет.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында таңга жуук жүк ташыган "Боинг-747" учагы кулап, Дача-СУ конушунда 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч каза тапкан.

Маалыматтарга караганда, Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде башкы прокурорунун 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчетун укту.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитет башкы прокурорунун 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету эске алынсын деген чечимге келди.

Пикир

Оставить комментарий